National Bank of the Kyrgyz Republic

09/20/2024 | Press release | Distributed by Public on 09/20/2024 06:43

Кыргыз Республикасынын Баткен областында жашап жаткан жарандарга жана чарба ишин жүргүзүп жаткан субъекттерге каржылоодон пайдалануу мүмкүндүгүн арттыруу, административдик[...]

Артка жылдыруу
Түзүлгөн күнү: 2024-09-20

Кыргыз Республикасынын Баткен областында жашап жаткан жарандарга жана чарба ишин жүргүзүп жаткан субъекттерге каржылоодон пайдалануу мүмкүндүгүн арттыруу, административдик-аймактык бирдиктерди, анын ичинде 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүүжана өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгөкөмөк көрсөтүүмаксатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2024-жылдын 17-сентябрында № 2024-П-12/45-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдүкиргизүүжөнүндө» токтому (мындан ары -токтом) кабыл алынган.

Токтомго ылайык Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган, коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүүмаселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» жана 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүүмаселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» эки токтомунун колдонуу мөөнөттөрү2025-жылдын 30-мартына чейин узартылды.

Токтом Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндөжайгаштырылган.